Бугу 15, 2024
Убакыт: 04:24
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

"Спортчу болсоң, өзүңө!". "Ата Мекендин" депутаттары парламенттин жыйынында айтыша кетишти

23.06.2021 12:48
1142
"Спортчу болсоң, өзүңө!". "Ата Мекендин" депутаттары парламенттин жыйынында айтыша кетишти


Бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары жыйын учурунда айтыша кетишти.


Отурум залында микрофондор өчүк турганда депутаттар Айсулуу Мамашова менен Шайлообек Атазовдун чырдашып кетти. Аларды башка кесиптештери арачалалап кетишти. Айсулуу Мамашова депутат Атазовго: «спортчу болсоң, өзүңө спортчусуң» деп айтканы угулду.


Чыр чыкканга чейин «Ата Мекен» фракциясынын лидеринин алмашканы кабарланган. Депутат Наталья Никитенко фракция мүчөлөрү Сайдулла Нышановго ишенбөөчүлүк көрсөткөнүн билдирген. Фракциянын 21-июндагы жыйынында лидерликке депутат Шералы Абдылдаев шайланды.


Сайдулла Нышанов лидерге ишенбөөчүлүк көрсөтүүдө мыйзам бузуу болгонун айтып чыккан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн