Бугу 20, 2024
Убакыт: 01:42
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Карантин, кыскарган каржылоо жана жалпы кыргыз спорту тууралуу боксчу Азат Үсөналиевдин маеги

21.05.2020 10:47
906
Карантин, кыскарган каржылоо жана жалпы кыргыз спорту тууралуу боксчу Азат Үсөналиевдин маеги


Эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы эң ийгиликтүү мушкер Азат Үсөналиев карантин учурунда да боксту эстен чыгарбай, жаңы максаттарга талпынып жатканын “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине маек куруп жатып айтты.


Азат Үсөналиев Кыргызстандын атынан Азия чемпиондугун уткан жалгыз мушкер. Ал 2013-жылы Иорданияда орун алган континенттин биринчилигинде ийгилик жараткан. Мындан сырткары бир нече эл аралык мелдештерде чемпион атыккан. Ал эми 2015-жылы эл аралык бокс федерациясы AIBAнын тандоосу менен январь айынын мыкты мушкери атыккан.


Карантин учурундагы машыгуу


Карантинде үй-бүлө менен көп убакыт бир болуп, жакшы өтүп жатат. Тилекке каршы азыр машыгуу залдары бүт жабык. Бирок ага карабастан үйдөн машыгып жатам. Карантин бүтсө толук баштайм деген жакшы ниет бар. Карантиндин бир жакшы жери үй-бүлөгө көңүл бөлүп, алар менен көп убакыт өткөрүп жана спорт жаатында да кенен ойлонуп калат экенсиң. Эми буйруса жаңы ой-максаттар менен жаңы күч менен машыгууну баштайм деп турам.

 

Спорт зал менен үй шартындагы даярдык

 

Үйдө машыккан менен залда машыккандын айырмасы чоң экен. Кантседа спорт залдын өзүнүн атмосферасы, аурасы өзүнчө дем берет. Үйдө спорт залдагыдай шарттар жок болгонуна байланыштуу кичине кыйыныраак, бирок ага карабастан спорттук форманы сактап туруу үчүн машыгууну токтоткон жокмун. Машыктыруучум менен жолуга албагандыктан техникалык, тактикалык жактан каталарды оңдоо жагынан кыйынчылык жаралууда. Бирок ага карабастан өзгөчө кырдаалдын тартибин сактоого туура келип жатат. Азыр эми жакын арада карантин бүтөт деген ой менен жүрөм, абал турукташып калды, мындан нары дагы жакшырат деп ниет кылып жатам.




Спорттогу каржы маселесинин орду


Мамлекеттик бюджеттен спортту каржылоону кыскарткандын албетте терс таасири тийет. Себеби ага чейин эле Кыргызстанда башка өлкөгө салыштырмалуу финансылык жактан колдоо аксап келген. Негизи бул тармакта спортчулар каржы маселесине көп алаксыбай, коюлган максатка жетүүгө умтулуулары керек. Ар бир спортчунун ой-максаты бул Олим оюндары, жеке мен эч нерсеге карабай колуман келген аракетимди кыла берем.

Ал эми спортко тийиштүү көңүл бурулбагандыгын көп деле ойлонбоого аракет кылам, анткени менин эң биринчи максатым бул талбай машыгуу жана чоң ареналарда ийгиликке жетүү. Негизи эле спорттун айланасындагы сөздөргө көп кийлигишпейм.

 

Спортчуга эл аралык мелдештин тийгизген таасири

 

Эл аралык мелдештерге барууга мүмкүнчүлүк азайып жатат, ал эми өлкөдөн сырт жакта болгон турнирлер бул спортчуларга эң негизги компонент, чоң ареналарда спортчулардын деңгээли өсөт, чоң дем-күч алат. Каршылаштарын көрүп, кандай беттеш өткөрүү керектигин, тактика түзгөндү өздөштүрүп, тажрыйбасын да жогорулатат. Кыргыз спортчулары эл аралык мелдештерге катыша албай калса формасын жоготуп, психологиялык жактан да терс таасирин тийгизиши мүмкүн.


2021-жылы Токиодо өтө турган Олимп оюндары тууралуу

 

Алдыда боло турган Олимп оюндарына катышам деген чоң ниетим бар, баардык аракетти ушул үчүн көрүп жатам. Себеби Олимп оюндары ар бир спортчунун эң чоң тилеги деп ойлойм.

Олимп оюндарына жолдомо алууга баардык спортчулардын мүмкүнчүлүгү бар. Кайсыл бир спортчунун мүмкүнчүлүгү көбүрөк деп айтуу кыйын, себеби чүчү кулак ар кандай ташталып калат. Кээ бир учурда физикалык жана психологиялык жактан даярдык да көп нерсени чечип коёт.

 

Азаттын спорттогу урааны


Мен спортто талыкпай машыгуу жана ири мелдештерде ийгилик жаратам деген үмүттү ураан кылып келем.

 

Советтер союзунун бокс мектеби жөнүндө

 

Мага СССРдин бокс мектеби жагат. Анткени убагында жана бүгүнкү күндө деле абдан күчтүү мектеп болуп эсептелет. Мындан сырткары бизге эң жакын мектеп. Менин жеке машыктыруучум мени башынан эле Советтер союзунун боксу менен тарбиялады, бул мектеп менен мен бала кезимден машыгып келе жатам. Мага эң жакын жана жакшы түшүнөм.

Советтер союзунун бокс мектеби дүйнөдөгү башка мектептер арасында лидерлердин катарына кирет. Соңку дүйнө чемпиондугун карап көрсөк, ийгилике жеткендердин көпчүлүгү мурдагы Советтер союзуна кирген өлкөнүн спортчулары. 2016-жылы Рио-Де-Жанейродо өткөн Олимп оюндарында да мурдагы Советтер союзуна кирген мамлекеттердин спортчулары көп медаль утту. Менимче бул ийгиликтер Советтер союзунун бокс мектеби кандай күчтүү экенин айтып турат. Бүгүнкү күндө деле Дүйнө жана Азия чемпиондуктарында ийгиликке көп жетишкендер Советтер союзунун бокс мектебинде тарбиялангандар.

 



Мындан кийин кырсык, апаат келбесин деп тилейм

 

Кыргыз элине биринчиден ден-соолук каалайм. Учурдагы кырдаалда сабыр кылып, кыйынчылыктардан жеңил чыгалы. Мындан кийин кырсык, апааттар келбесин деп тилейм. Жалпы кыргыз элине чын ден-соолук, узун өмүр жана бактылуулук, мамлекетибизге тынчтык, спортчуларга ден-соолук жана койгон максаттарына жетишин каалайм. Кыргыз спортуна чоң ийгиликтерди тилейм, анткени спортчулар желегибизди желбиретип, бийик көтөрөт. Мындан нары да Кыргыз гимни чоң ареналарда жаңырып, желегибиз бийикке көтөрүлө берсин.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн