Бугу 19, 2024
Убакыт: 18:29
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Спортчулар коронавирус аныкталган өлкөлөргө чыгып кетсе улуттук курамдан четтетилет

20.03.2020 16:06
618
Спортчулар коронавирус аныкталган өлкөлөргө чыгып кетсе улуттук курамдан четтетилет


Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча башкы машыктыруучулар менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, жыйында квалификациялык мелдештерге жана Олимпи оюнуна спортчуларды физикалык жана моралдык жактан мыкты даярдоо тапшырмасы берилген.


Ошондой эле, спортчуларды карантин убагында аймактарга үйлөрүнө жөнөтпөгө чакырган. Окуу-машыгуу жыйындары өтө турчу жайларда санитардык коопсуздук боюнча чаралар күчөтүлөт. Спортчулар жана машыктыруучулар Саламаттык сактоо министрлигинин бардык сунуштарын аткарышы керек.


Карантин учурунда өзүңөрдүн бардык кыймыл-аракеттериңерди Спорттук-реабилитация борборунун дарыгерлери менен макулдашып туруу керек. Биз башкаларга жеке гигиенаны сактоо боюнча үлгү көрсөтүшүбүз керек,деген Канат Аманкулов.

 

Спортчулар коронавирус аныкталган өлкөлоргө чыгып кетсе анда Кыргызстандын улуттук курама командасынан чыгарылары айтылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн