Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 09:05
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Спортчулар пандемиядан кантип сактанууда? Алдынкы спортчулардын жообу

25.06.2020 16:47
1413
Спортчулар пандемиядан кантип сактанууда? Алдынкы спортчулардын жообу

 

1-июндан баштап спорттун баардык түрлөрү боюнча Кыргызстандын курама командалары окуу-машыгууларын баштады. Спортчулар машыгууларын жандантуудан мурда медициналык текшерүүдөн өтүшүп, учурда алдыда болуучу эл аралык мелдештер менен Олимп оюндарына даярдыктарын башташты.


Мындан улам карантин шартында спортчулар машыгууларын кандай өткөрүп жаткандыгы тууралуу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги суроо салып көрдү.


Дарья Маслова – жөө күлүк


Коомдук жайларда, коомдук транспортто жана адамдар менен байланышта болуудан кармануудамын. Эң негизгиси колду самындап жууп, беткап тагынып, антисептиктерди колдонуп жатабыз. Жеңил атлетика бул спорттун жекече түрү, андыктан мен жалгыз машыгуудамын жана даярданып жатканда да эч ким менен баарлашпай элемин. Коомдук жайларда болуп калган учурда санитардык талаптарды толугу менен сактап жатам.

 



Бекдөөлөт Расулбеков – оор атлетчи

 

Азыркы оор абалда үй-бүлөбүз менен сактануудабыз. Социалдык аралыкты сактап, колду бат-баттан жууп, беткапты тагынып жатабыз. Эл көп чогулган жерлерге баруудан баш тартып, үй шартында машыгуудамын.

 



Жоодар Көчкөнбаев – жөө күлүк


Машыгуу учурунда үч адамдан ашпай, аралыкты сактоо менен даярданып жатабыз. Ал эми көчөдө жүргөндө беткап тагынып, колду антисептик менен тазалоодобуз. Анан албетте коомдук жайлардан алыс болгонго аракеттенүүдөбүз.




Евгений Петрашов суучул Денис Петрашовдун машыктыруучусу


Денис учурда Ысык-Көлдө машыгууда. Санитардык талаптарды так аткарууга жана өзү да инфекциядан алыс болуусу үчүн тийиштү шарттар түзүлгөн. 2021-жылы өтүүчү Олимп оюндарында өлкөбүздүн атынан татыктуу чыгуу үчүн даярданып жатабыз.

 



Максат Алимов – футзал боюнча улуттук курамдын оюнчусу


Учурда машыгуулар башталган. Күн сайын медициналык текшерүүдөн өтүп, дене табыбызды текшерүү менен бирге санитардык эрежелерди сактап жатабыз. Машыгуу аренасында эпидемияга каршы иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Өзүбүз да көчөдө жүргөндө үй бүлөбүздүн саламаттыгын эстен чыгарбай карантиндин талаптарын кармануудабыз.


 


Адилет Кыштакбеков – жөө күлүк

Коронавирусту жуктуруп албоо үчүн көпчүлүк чогулган жерлерге барбай, элдер менен байланышты азайттым. Беткап тагып, бат-баттан колду самындап жууп, жанымда ардайым антисептик алып жүрөм. Машыгуу учурунда да социалдык аралыкты карап, санитардык талаптарды аткаруудабыз.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн