Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 11:24
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Спортчулардын күнүмдүк тамак-ашына канча каражат бөлүнөрү айтылды (видео)

10.06.2020 11:52
1099
Спортчулардын күнүмдүк тамак-ашына канча каражат бөлүнөрү айтылды (видео)


Кыргызстанда спортчулардын тамак-ашына суткасына 213 сом бөлүнөт. Бул тууралуу Жаштар иштери дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канат Арпачиев билдирди.


“Мындан 5-6 жыл мурун спортчулардын тамак-ашына 71 сомдон бөлүнчү. Азыр 213 сом бөлүнүп, жылына жалпы 23 миллион сом каралган. Күнүнө төрт жолу тамактанат”, - деди Арпачиев.


Ал эми депутат Руслан Казакбаев эл аралык мелдештерге жана Олимп оюндарына даярданып жаткан спортчуларга бул сумма аз экенин айтты.


“Спортчулар суткасына 213 сомго тамактанат экен. Биз (ред. депутаттар) күнүнө 213 сомго тамактансак эл аралык мелдешти айтпай эле коёлу, жумушка келе алат белек? Анан кантип Олимп чемпиондорун чыгарабыз деп жатабыз”, - деди эл өкүлү кызыгуу менен.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн