Бугу 20, 2024
Убакыт: 10:04
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Спортто да ийгилик жараткан милиция кызматкерлери бар (фото)

26.05.2020 10:58
1326
Спортто да ийгилик жараткан милиция кызматкерлери бар (фото)


Эл менен тыгыз иш алып барып, жашоочулардын ишенимине алынган Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсү, милициянын кенже лейтенанты Таалайбек уулу Руслан спорт боюнча да бир катар ийгиликтерге жетишкен.


Ал 1990-жылы Чүй районунун Сайлык айылында туулган. Кыргыз улуттук агрардык университетинде окуп жүргөндө спорттун бокс жана күрөш түрлөрү менен машыгып жүрүп, окуу жайды аяктагандан кийин 2013-жылы ички иштер органдарына жумушка кирген. ИИМдин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун атайын даярдыктагы ротасында кызмат өтөгөн.


Руслан күч түзүмдөрү арасында өткөрүлгөн “кужүрмөн самбо”, “самбо”, “дзюдо” жана “кармашып урушуу” сыяктуу спорттун түрлөрүндө өз күчүн сынап, байгелүү орундарга жетишкен. Алгач Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн имарат коргоо тобунун милиционери, кийин аймактык тескөөчү болуп которулган.


Учурда Руслан Онбир-Жылга айыл аймагындагы Онбир-Жылга, Прогресс, Маданият жана Кайырма айылдарын тейлейт. Аймагында 6 миңге жакын эл жашайт.


Ал Чүй РИИБде кызмат өтөгөндөн бери кызматкерлер арасында райондук, облустук деңгээлде өткөрүлгөн спорттук таймаштардын баарына активдүү катышып, өз районун алдыга чыгарууга болгон күчүн жумшап келет. Анын айтуусу боюнча, белбоо күрөш, "самбо", "дзюдо", "кол күрөш", "аркан тартыш" жана "гиря" көтөрүү боюнча өткөрүлгөн таймаштарга сөзсүз катышып, байгелүү орундарды камсыздайт. Руслан Таалайбек уулу учурда ИИМдин Э.Алиев атындагы Академиясынын сырттан окуу бөлүмүндө окуусун улантып жатат.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Максат байке
Руслан азаматсын биз сени менен сыймыктанабыз. Онорун оркундой берсин