Бугу 01, 2024
Убакыт: 01:18
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

"Спутник V" коронавируска каршы вакцинасын +2ден +8 градуска чейинки температурада сактоого уруксат берилет

21.01.2021 14:49
517
"Спутник V" коронавируска каршы  вакцинасын +2ден +8 градуска чейинки температурада сактоого уруксат берилет


"Спутник V" коронавируска каршы  вакцинасын +2ден +8 градуска чейинки температурада сактоого жана ташууга   уруксат берилет. Мындай чечим  Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бекитилген. Бул тууралуу ТАСС РФнын Саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашкого таянуу менен билдирди.


"Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги "Спутник V" вакцинасынын каттоо күбөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизди. Дарынын суюк формасы +2 градустан +8 градуска чейинки температурада сакталган шартта, вакцинанын туруктуулугун камсыз кылган, бул экспертиза менен тастыкталды. Бул суук режим иммунобиологиялык препараттарды сактоо үчүн стандарттуу шарт. Өндүрүштүк жайлардын биринде жаңы сактоо шарттары менен "Спутник V" вакцинасын өндүрүүнү баштоо  калк үчүн жаңы коронавирустук инфекцияга каршы массалык эмдөөнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет", - деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн