Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:07
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Sputnik V жана Sinopharm вакцинанын баасы белгилүү болду

Sputnik V жана Sinopharm вакцинанын баасы белгилүү болду

Спутник V вакцинасы 10 доллар, Синофарм вакцинасы 7 доллардан сатып алынды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Жыйында Умбеталы Кыдыралиев азыркы учурда вакциналардын баасы канча болуп жатканына кызыкты.


"Азыркы учурда бир вакцинанын, тагыраагы Спутник V вакцинасынын баасы 10 доллар, Синофарм вакцинасы 7 долларды түзүүдө. Биз тезинен эмдөөнү жүргүзүшүбүз керек. Бишкек шаарында, Чүй облусунда өзүм барып көзөмөл кылып жүрөм", - деп кошумчалады Бейшеналиев.


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Уу коргошунун болбодубу?