Бүгүн, 15-майда «Манас» эл аралык аэропортунда Стамбул-Бишкек чартердик каттамы учуп келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдады.
Ага ылайык, чартердик каттам менен Түркиядан келе албай жаткан 330 кыргыз жараны келген.
Белгилей кетсек, учурда Кыргыз Өкмөтү чет мамлекеттердеги бардык кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу үчүн активдүү аракеттерин көрүп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн