Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттөрү ортосунда жетишилген макулдашуунун натыйжасында июль айында Стамбул-Бишкек багыты боюнча “Түрк аба жолдору” авиакомпаниясынын 4 чартердик авиарейстери аткарылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы Элчилигинен кабарлашты.
Алардын маалыматы боюнча, биринчи каттам 2020-жылдын 8-июлунда ишке ашырылган. Экинчи авиарейс 15-июлда “Стамбул” эл аралык аэропортунан аткарылат. 22си жана 29-июлда дагы эки каттам уюштурулат.
Бул авиарейстер менен КР жарандарын, алардын ичинде Тышкы иштер министрлигинин тизмеси боюнча башка өлкөлөрдөн транзит менен өткөн жарандарды дагы кайтаруу пландалып жатат.
Жарандардын тизмелери Элчиликтин (https://mfa.gov.kg/kg/ankara) жана Башкы консулдуктун (https://mfa.gov.kg/kg/istanbul) сайттарында жайгаштырылган. Алардын ичинде башка өлкөлөрдөн келе жаткан жарандардын дагы тизмеси бар.
Элчилик билдиргендей, 15-июлга чейинки сатып алган билеттери чартердик авиарейске жарактуу. Мындан тышкары аэропортто 14-июлда саат 18:00дөн тартып Элчилик жана Башкы консулдук тарабынан түзүлгөн тизмелерге ылайык сатылат. Жогоруда айтылган тизмелерге, анын ичинде КР ТИМнин тизмесине ылайык авиабилеттерди 14-июлда “Түрк аба жолдору” авиакомпаниясынын өкүлчүлүктөрүнөн түз сатып
Теги
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн