Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Стамбул-Бишкек каттамы боюнча 200дөн ашык кыргыз мигранттары келе жатат

17.04.2020 09:49
1118
Стамбул-Бишкек каттамы боюнча 200дөн ашык кыргыз мигранттары келе жатат


Түркиядан Кыргызстанга келе албай жаткан 200дөн ашык эмгек мигранттарын өз мекенине алып кетүү боюнча атайын борт дайындалды. Бул тууралуу демилгечилердин бири, "Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов билдирди.


Анын айтуусунда, буга чейин Анкара-Бишкек каттамы уюштурулуп, 197 жаран алынып келинген. Бүгүн, 17-апрелде Бишкек-Стамбул аба каттамы боюнча 200дөн ашык кыргыз жарандары келе жатат. “Негизи 300 орунга ылайыкталган учак болчу, бирок кырдаалга жараша бири-биринен алыс отуруп келе жатат. Булардан тышкары дагы 200дөй адам калды”, - деди ал.


Молдокматов билдиргендей, Стамбулда жеринде авиа-касса ачылып, билеттерди жеңилдетилген шартта мигранттар өз акчаларына 180-200 евродон сатып алышты.


Эми жакынкы 2-3 күндүн ичинде Новосибирск-Бишкек каттамын уюштуруп, ал жактан 300дөй мигрантты алып келүү боюнча аракеттер көрүлүп жатат.


Ошондой эле ал депутат Исхак Пирматовго, Наталья Никитенкого парламентте бул маселени карап, өкмөткө талаптарды коюп атып, бир туугандардын мекенине кайтып келатканына өбөлгө болгону үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Назира
Саламатсыздарбы, Санк- Петербургдан рейс качан болот, кимден биле алабыз?