Бугу 17, 2025
Убакыт: 16:50
USD
87.30
87.80
EUR
97.30
98.30
RUB
1.070
1.110

Стамбулда АКШ, Украина жана Түркия өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүүдө

16.05.2025 16:18
33
Стамбулда АКШ, Украина жана Түркия өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүүдө


Стамбулдун Долмабахче сарайында АКШ, Украина жана Түркия өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүүдө.Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.


Маалыматка караганда, жолугушууга АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио, Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан, Украинанын президентинин аппаратынын жетекчиси Андрей Йермак жана Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сыбига катышууда.


Түркиянын тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Украина менен Россиянын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:30да аталган жолугушуудан кийин Түркиянын катышуусунда башталат.


Жыйынга Украинанын коргоо министри Рустем Умеров баштаган делегациясы жана президент Владимир Путиндин кеңешчиси Владимир Мединский жетектеген орусиялык делегация катышат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн