Бугу 19, 2024
Убакыт: 01:29
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Стамбулда Lamborghini унаасы менен дарбыз сатып жаткан блогер айыпка жыгылды

07.09.2020 14:31
1036
Стамбулда Lamborghini унаасы менен дарбыз сатып жаткан блогер айыпка жыгылды


Стамбул шаарында Lamborghini унаасы менен дарбыз сатып жаткан жаран айыпка жыгылды, деп жазат  Hürriyet Daily News.


Маалыматка караганда, ага 165 доллар айып салынып, 15 күнгө айдоочулук күбөлүгүнөн ажыраган. 


"Дарбыз сатып жаткан жаран ирандык блогер экендиги аныкталды. Ал соода кылып жаткан жеринен социалдык тармактарда түз эфирге чыккан. Блогер дарбыздын даанасын 5 лирден (7 миң сомдон) сатып жаткан. Анын кымбат унаа менен көчөдө соода кылып жаткандыгы көпчүлүктүн көңүлүн бурган. Мындан улам сатып алуучулардын узун кезеги түзүлгөн. 


Ирандык блогер мындай транспорттук каражатты өз максатында эмес, соода жүргүзүү үчүн колдонду деген жүйөө менен айыпка жыгылып, 15 күнгө айдоочулук күбөлүгүнөн ажырады", - деп жазат басылма. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн