Стамбул шаарында жардыруу уюштурууга шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Түркиянын Ички иштер министри Сулейман Сойлу билдиргенин ТРТ Хабер кабарлады.
Ички иштер министри терракт уюштурууга шектелген аялдын Түркияда террористтик уюм деп таанылган "Күрд жумушчу партиясына" тиешеси бар экенин жана аларга жооп катуу болорун эскертти.
Эске салсак, кечээ, 13-ноябрда Стамбул шаарындагы Истиклал көчөсүндө жардыруу болуп, 6 адам каза болгон жана 81 адам жаракат алган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн