Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Стамбулда жасалма аракка уулангандардын саны 38ге жетти

24.03.2020 09:10
760
Стамбулда жасалма аракка уулангандардын саны 38ге жетти


Стамбулда жасалма аракка уулангандардын саны 38ге жетти. Бул тууралуу Түрк басылмалары жазышууда.  


Маалыматка ылайык, 13-мартта жасалма аракка ууланып,ооруканага түшкөн  61 кишинин 38и каза тапты. Ушул тапта 24ү Стамбулдун бир нече клиникасынын жандандыруу бөлүмдөрүндө жатат. Алардын көбү комада.

Бул аракка уулангандар түркмөн жарандары.  Мигрантары жасалма арактарды коронавирустан коргонуу үчүн ичишкен.


Дарыгерлер арак коронавируска каршы күрөштө жардам бербестигин айтышкан. 


Ошондой эле Түрк басылмалары жасалма арак саткан 11 киши кармалганын билдирүүдө. Аларды тинтүү учурунда ири өлчөмдөгү алкоголдон тышкары, курал-жарак, ок-дарылар табылган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн