Бугу 19, 2025
Убакыт: 18:36
USD
87.30
87.80
EUR
98.00
99.00
RUB
1.080
1.110

Стамбулдагы Россия менен Украинанын түз сүйлөшүүлөрү аяктады

19.05.2025 10:26
27
Стамбулдагы Россия менен Украинанын түз сүйлөшүүлөрү аяктады


16-май күнү Стамбулда Россия менен Украина өлкөлөрүнүн түз сүйлөшүүлөрү өтүп, жолугушуу эки саатка жакын убакытка созулган. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. 


Маалыматка караганда, жыйындын башында Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Хакан Фидан катышкан. Анын катышуусу ачылыш сөз менен чектелип, андан соң орусиялык жана украиналык делегациялар ортомчуларсыз талкууну улантышкан.


Сүйлөшүүлөр жабык эшик артында өткөндүктөн, конкреттүү келишимдер жарыяланган эмес. Бирок, жолугушуунун соңунда делегация мүчөлөрүнүн башчылары жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү жасашкан.


Орус делегациясынын башчысы Владимир Мединскийдин билдирүүсү:


  • Россия тарап жалпысынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанды;
  • Россия менен Украина жакында 1 миңге 1 миң деген формула боюнча туткундарды алмаштырууну ишке ашырат;
  • Россия менен Украина болочокто ок атышпоо тууралуу өз көз карашын деталдуу түрдө карап чыгат, андан соң сүйлөшүүлөр уланат;
  • Киев мамлекет башчыларынын жолугушуусун суранса, Россия муну эске алат. 

Украинанын коргоо министри Рустем Умеровдун билдирүүсү:


  • Владимир Путин менен Владимир Зеленскийдин жолугушуусу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат;
  • Ок атышууну токтотуу маселеси каралууда;
  • Мүмкүн болгон жаңы сүйлөшүүлөр жакында жарыяланат.

Стамбулда эки делегациянын сүйлөшүүлөрү аяктагандан кийин Владимир Зеленский АКШнын президенти Дональд Трамп менен сүйлөштү. Ага Франциянын лидери Эммануэль Макрон, Германиянын лидери Фридрих Мерц, Британиянын премьер-министри Ким Стармер жана Польшанын лидери Дональд Туск кошулду.


“Биз Стамбулдагы жолугушууну талкууладык. Украина чыныгы тынчтык үчүн мүмкүн болушунча тез кадамдарды жасоого даяр жана дүйнөнүн күчтүү позициясын кармануусу маанилүү. Биздин позициябыз, эгерде орустар ок атышууну толук жана эч кандай шартсыз токтотуудан жана ок атышпоодон баш тартса, катуу санкциялар болушу керек", - деген Украина президенти.


Кремлден азырынча жолугушуунун биринчи айлампасына расмий реакция боло элек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн