Стамбулдан Бишкекке чартердик каттам учту. Бул тууралуу “Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдакматов өзүнүн жеке баракчасына жарыялады.
Анда саясатчы учак жарым саат гана мурда учканын, бул каттамды уюштурууга көмөк көрсөткөн депутаттарга, саясатыларга ыраазычылыгын билдирген.
“Азыр эле жарым саат мурун учак Кыргызстанга кетти. Авиарейсти уюштурууну жеке көзөмөлүнө алган Кыргыз Республикасынын Президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичке терең ыраазылык билдиребиз. Ушул маселени чечүүгө чоң салым кошкон КР ЖК депутаттары Никитенко Наталья Владимировнага, Пирматов Исхак Айтбаевичке өзгөчө ыраазычылыгыбызды айтабыз. Авиакаттам боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жана уюштурган КР ТИМне ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Ошондой эле мекендештерге колдоо көрсөткөн диаспора өкүлдөрүнө, коомдорго рахматыбызды айтабыз”, - деп жазган фейсбук баракчасына.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн