Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Стамбулдан чартердик каттам менен 326 кыргыз жараны учуп келет

15.05.2020 11:01
1015
Стамбулдан чартердик каттам менен 326 кыргыз жараны учуп келет

 

Бүгүн, 15-майда "Стамбул-Бишкек” чартердик каттамы менен 326 кыргызстандык келе жатат. Бул тууралуу Стамбул шаарындагы Башкы консулдуктан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Башкы консулдук менен Элчилик жарандарга Стамбул аэропортуна жетип алыш үчүн Түрк мекемелеринен атайын уруксат алган. Анын негизинде бул авиакаттам менен учуп келүү үчүн Кыргыз жарандары Түркиянын бир нече провинцияларынан алынып келинген. 


Ал эми каттамга билеттерди адамдар өздөрү 187 евродон сатып алышкан.


Мындан сырткары маалыматта Стамбул шаарындагы Башкы консулдук мекенине кайтууну каалаган Кыргыз жарандары боюнча маалыматтарды чогултууну  улантып жатканы айтылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн