Бугу 19, 2024
Убакыт: 02:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Стамбулдан Бишкекке 330 кыргызстандык жаран келди

15.07.2020 12:35
1020
Стамбулдан Бишкекке 330 кыргызстандык жаран келди


Бүгүн, 15-июлда Түркиянын Стамбул шаарынан Бишкекке 330 кыргызстандык жаран кайтып келди. Бул ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, алар Стамбул—Бишкек—Стамбул" багыты боюнча “Turkish Airlines” авиакомпаниясынын чартердик каттамы келишти. Алардын арасында жаш балдар дагы бар. 


Каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Түркия менен Кыргызстандын тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашууларынын негизинде ишке ашырылган.


Чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер улантылып жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн