Стамбул-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамда келе жаткан мекендештер обсервацияга “Ак Кеме” мейманканасына жаткырылат. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, 17-апрелде, түштөн кийин Бишкекке Стамбулдан 212 жүргүнчүсү менен учак учуп келет. Алардын баары “Ак кеме” мейманканасына обсервацияга жайгаштырылат.
Ал эми өкмөтү чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча ишин улантары айтылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн