Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:52
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Статистика: Кыргызстанда эгиз жана үч эмдер көп төрөлө баштады

20.05.2024 11:34
146
Статистика: Кыргызстанда эгиз жана үч эмдер көп төрөлө баштады


Кыргызстанда эгиз жана үч эмдер көп төрөлө баштады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитеттен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы 1298 эгиз жана 14 үч эм төрөлгөн. Ал эми 2022-жылы 1001 эгиз жана 4 үч эм жарык дүйнөгө келген.

Статком Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматтарына таянуу менен белгилегендей, төрөттөрдүн ортосундагы эки жылдан аз убакытты түзгөн учурда балдардын төрөлүшүнүн үлүшү 33,5%дан ашкан. Ал эми аралыгы үч жылды түзгөндөр 42,1%га жакындаган.

2023-жылы республикада жалпысынан 146 миңге жакын аял эне макамына ээ болду. Биринчи баласын төрөгөндөгү энелердин орточо жашы 23-24 жаштын тегерегин түзөт.

2000-жылдан бери Кыргызстанда төрөттүн өсүп жатканы байкалууда. 15-49 жаштагы бир аялга орто эсеп менен 3 бала туура келет. Бул өлкөдө калктын кеңири көбөйүшүн камсыз кылуу үчүн жетиштүү.
Былтыр көз жаргандардын орточо жаш курагы мурунку жылга салыштырмалуу бир аз төмөндөп, 28,3 жашты түздү. 2022-жылы бул көрсөткүч 28,4 жаш болчу.

Белгилей кетсек, республика боюнча 2024-жылдын 1-январына карата 3 млн 619 миң аял бар же алар калктын жалпы санынын 50,5%ын камсыздады. Мында шаарларда 1 млн 311 миң аял, айыл жергесинде 2 млн 308 миң аялдын жашай тургандыгы такталды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн