Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 11:55
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Стационарларда бейтаптарды дарылоо алгоритми кандай?

24.07.2020 18:26
1155
Стационарларда бейтаптарды дарылоо алгоритми кандай?


Бишкек шаарындагы күндүзгү жана түнкү стационарларда дарыгерлер Саламаттыкты сактоо министрлигинин covid-19 илдетин дарылоо алгоритмине ылайык иштеп жатышат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган алгоритм ар бир оорунун деңгээлине жараша өзүнчө каралат. Жеңил формадагыларга антибиотик жана тамчылатып дары куюу каралбайт. Дене табы 38-38,5тен жогору болгон учурда гана дарыгерлер таблетка түрүндөгү дене табын түшүргөн дарыларды, эң башкысы суюктук көп ичүү жана дем алуу көнүгүүлөрүн жазып беришет.

Орто оор абалда, эгерде дене табы 5-7 күн жогору болуп турса, ооруган адамга антибиотик жазып берилет. Оорунун ар кандай формаларында стационарлардагы дарыгерлерге протоколдон тышкаркы, далилденбеген дары-дармектерди жазууга тыюу салынат.

Дарыгерлер пульмонолог, инфекционисттер жана клиникалык фармакологдор менен Covid-19 илдетин дарылоо алгоритми боюнча окуулардан дайыма өтүп турушат.

Учурда күндүзгү стационарлардын ишинде оң динамика байкалууда.

Стационарлар жарандарга жана дарыгерлерге коркунуч жаратпайт, имараттын ичинде санитардык талаптардын бардыгы сакталат. Үзгүлтүксүз дезинфекциялоо жүргүзүлүп, кол кап, маска режими киргизилген, оорулуу адамдар жана кызматкерлер кире бериште дезинфекцияланган туннелдерден өтүшөт, керебеттердин ортосундагы аралык эки метрди түзүп, коргоочу тосмолор орнотулган”, - деп жазылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн