Теке 05, 2024
Убакыт: 13:55
USD
85.80
86.70
EUR
92.50
93.50
RUB
0.955
1.000

Стационарларда эпидемиологиялык нормалардын сакталуусун көзөмөлдөө күчөтүлөт

23.07.2020 18:53
906
Стационарларда эпидемиологиялык нормалардын сакталуусун көзөмөлдөө күчөтүлөт


Күндүзгү жана түнкү стационарларда эпидемиологиялык нормалардын сакталуусун көзөмөлдөөнү күчөтүү керек. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

«Медицина кызматкерлерине жана жарандарга коронавирус инфекциясынын жугуу коркунучун алдын алуу үчүн стационарларда санитардык ченемдерди катуу сактоо талап кылынат. Мындан өлкөнүн эпидемиологиялык абалы көз каранды. Ошондуктан адистер жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте бардык санитардык эрежелерди аткарууну туруктуу негизде көзөмөлгө алууга тийиш жана стационарлардагы медицина кызматкерлеринин иштөөсүнө зарыл шарттарды түзүү абзел», - деди өкмөт башчы.

Отурумда Бишкек жана Ош шаарларында жаңы ооруканаларды куруу, аймактардагы бош имараттардын багытын өзгөртүп, медициналык мекемеге ылайыкташтыруу иштерин ушул жылдын 25-августуна чейин бүткөрүү тапшырмасы берилди. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн