Бугу 16, 2024
Убакыт: 08:48
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Студент кызга ыплас мамиле жасап, 3-кабаттан түртүп жиберген мугалим кармалды

28.10.2021 09:02
756
Студент кызга ыплас мамиле жасап, 3-кабаттан түртүп жиберген мугалим кармалды

Ташкент мамлекеттик педагогикалык университетинин деканынын орун басары 3-курста окуган кызга ыдык көрсөткөн деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) расмий өкүлү Шохрух Гиязов билдирди.


Nemolchi долбоору кабарлагандай, 18-октябрда М.К. аттуу студент кыз мүнөздөмө алуу үчүн декандын жаштар иштери боюнча орун басарынын иш бөлмөсүнө барган. Ал ыдык көрсөтө баштаганда кыз катуу кыйкырып, сырттагылар иш бөлмөсүнүн эшигин такылдатышкан. Ошол маалда декандын орун басары студентти терезеден түртүп жиберген.


Ооруканага жеткирилгенде кыздын жамбаш сөөгү сынып, мээси чайкалып, гематома пайда болгону аныкталган.


Гиязовдун айтымында, бул окуянын эртеси декандын орун басарына каршы "Зордуктоо" жана "Атайылап адамдын саламаттыгына оор зыян келтирүү" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, 23-октябрда ал камакка алынган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн