Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 20:12
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Студенттер арасында президенттин стипендиясы үчүн ачык сынак жарыяланат

02.10.2020 19:05
855
Студенттер арасында президенттин стипендиясы үчүн ачык сынак жарыяланат

Жогорку окуу жайларынын студенттери арасында президенттин стипендиясы үчүн ачык сынак жарыяланат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, сынак Кыргыз Республикасынын президентинин 2017-жылдын 27-июнундагы №124 «Кыргызстандын жогорку окуу жайларындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине (курсанттарына) президенттик стипендияны ыйгаруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Жарлыгына ылайык жүргүзүлөт.

Өлкөбүздөгү бардык жогорку окуу жайларынан (мамлекеттик жана менчик) баалоо системасынын талаптарына толук жооп берген татыктуу студенттердин (курсанттардын) тизмеси (сөзсүз түрдө толук документтер менен коштолгон окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде) 2020-жылдын 15-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Кесиптик билим берүү башкармалыгына (311 кабинет) тапшырылуусу зарыл.

Эскертүү: Сынакка катышууну каалаган студенттер өздөрү окуган окуу жайына кайрылып, кенен маалымат алса болот. Байланыш телефону: 62 04 87

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн