Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:03
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Студенттер качан салттуу режимде окуй турганы айтылды

27.11.2020 09:51
1379
Студенттер качан салттуу режимде окуй турганы айтылды

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жогорку окуу жайлар качан кадимки режимде окуй турганын айтты. Бул тууралуу ал 26-ноябрда түз эфирде билдирген.


Министр алгач азыркы учурда ишин салттуу түрдө алып барып жаткан мектептердин абалы тууралуу айтып берди. 

Андан соң жогорку окуу жайлардын студенттери качан салттуу форматта окуй баштайт деген суроо салынды. 


"Бүгүнкү күндө салттуу түрдөгү окууга акырындан кайтып баштадык. Өлкө боюнча мамлекеттик 2 миң 151 мектеп бар. Анын ичинен оффлайн, жай турмуштук форматта 1606 мектеп окуп жатат. Булардын көбү аймактардагы мектептер. Ал эми окуу форматы онлайн түрдө өтүп жаткан мектептердин саны 544 болуп эсептелет. Бул мектептер эпидемиологиялык абал туруксуз болгон аймактарда жайгашкан. Аларга Бишкек шаары, Ош облусунун Өзгөн району, Араван району, Ош шаарлары кирет.


Ошол эле көрүнүш жогорку окуу жайлар үчүн экинчи семестр үчүн каралып жатат. Билим берүү министрлиги жай форматтагы окуутууга кайра кайтуу үчүн өзүбүздүн алгоритмди иштеп бүттүк. Биринчи күндөн баштап ал алгоритм менен жалпы окуучуларды, студенттерди тааныштырабыз",- деди Бейшеналиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн