Азыркы убакта жогорку жана атайын орто окуу жайларынын бүтүрүучүлөрү мамлекеттик экзамендерин тапшырып, дипломдук иштерин коргоп жатышат.
Жакында ЖОЖдор жүз миңдеген жаш адистерди эмгек рыногуна ыргытат.
Бүтүрүүчүлөр үчүн окуу жайды аяктаганы бир чети кубаныч болсо, экинчи жагынан стресс: кайсыл жактан иш табуу керек?
Көпчүлүгү чоң шаарларда калгылары келишет, бирок, баарына эле иш табылбайт. Айыл-кыштактарга аттангандар аз. Алардын абалы андан бетер аянычтуу. Анткени, университет-институттардын студенттик шаңдуу, билим жыттуу чөйрөсүнөн кийин түнт кыштакка кайтуу чындыгында оор. Элетке барган күндө да жаш адистерге өз адистиги боюнча жумуш деле табыла бербейт.
Мен да илгери КМУну аяктагандан кийин "айылдык мектепке барып иштеймин!" деген романтикалык сезим менен Алай районуна кайтып келип, жаш адис үчүн бир топ негативдүу жагдайларга дуушар болгонмун. Баарынан да айыл жеринде жаштардын аздыгы, кызыксыз жашоо, маалымат ваакуму, улгайган курактагы кесиптештериңдин консерватизми, ж.б. - жан дүйнөң бунтовать эте баштайт.
70-жылдары деле алыскы Алай районунун айыл-кыштактарында мектептен орун табуу көйгөй эле. Мен Алай районуна жолдомо менен келсем да, мектептерде орун жок экен. Эсимде, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нуркамил деген киши райондун Кытай менен чектеш Нура айылындагы мектеп-интернатка барууга үндөй баштады. Нура айылы Алай районуна караштуу эң алыскы айылы экенин билчүмүн. Ош шаарынан 238 км. алыстыкта, деңиз деңгээлинен 3 миң метрден жогору, Кыргыз-кытай чек арасындагы шарты оор айыл экенин угуп-билип жүргөм. Ал кезде азыркыдай заңгыраган автотрасса да жок. Жүргүнчүлөрдү ташуучу эски пазик күнүнө бир маал араң каттайт. Оштон чыкса кечиндеси Сары-Таш поселогуна жетип түнөп калып, эртеси кайра Ошко жол тартчу. Сары-Таштан 68 км. алыстыкта Нурага автобус да, такси да жок.
Нуркамил аке мени көндүрүү үчүнбү Нура айылын аябай мактай баштады:"Тогуз жолдун тоому. Мектеп-интернатынын жатаканасы бар. Ошол жатаканадан сага бир бөлмө беришет", - деп. Көз алдыма заңгыраган мектептин имараты, жайлуу жатакана элестеп, бир саамга азгырыла да түштүм. Бирок, мугалимдик ишимди алгач өз айылымда, атам түптөп кеткен мектепте баштоону ушунчалык каалагандыктан, Нурага баруудан көшөрө баш тартып, райкомдун билим берүүнү тейлеген катчысына кирип, өтүнүп жатып калып калдым.
Кийин райондук гезитте иштеп жүргөнүмдө Нура айылына иш сапары менен алгач барганымда айылды, мектептин жана жатакананын кулайын деп калган эски имараттарын көрүп, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын мактаган сөздөрүн эстеп алып эсим оой түшкөн. Аргасыздан түрк жазуучусу Решад Нури Гүнтекиндин «Боз торгой» романын эстегем. Бул чыгарманын каарманы Фэридени да ошентип алдап эң алыскы жана түнт кыштакка жөнөтүп жиберет эмес беле билим берүу департаментинин башчысы.
Райкомдун катчысынын кийлигишүүсу менен туулуп-өскөн айылымдын мектебинде иштей баштадым. Албетте, университеттин жаш бүтүрүүчүсүнө чоң адамдардын жамаатында иштөөсү жана адис катары такшалуусу көп кыйынчылыктар менен башталат экен.
Ошол жылы жан-дүйнөмдөн чыккан ач кыйкырык менен "Кайдасыңар, курсташтар!" деген макала жазып, ал республикалык жаштар гезити "Ленинчил жашка" жарыяланып, чоң резонанс жараткан. Бул макалада университетти бирге бүтүргөн курсташтарымдын чоң турмушка алгачкы кадамдары, элеттик турмушка адаптациялоосу кандай болуп жатканы жөнүндө ой бөлүшкөмүн. Макала кызуу талкууга айланган. А түгүл КМУдагы куратор агайым Алайга чейин келип, менден кабар алып кеткен эле).
Азыр да, ар бир бүтүрүучүнүн абалын, стрессин жон терим менен сезип турам.
Ак жол силерге, жаш адистер!
Зинакан Пасанова
Редакциядан: Автордун макаласы редакциянын көз карашын билдирбейт
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн