Бугу 02, 2024
Убакыт: 09:38
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Студенттерден мыйзамсыз түрдө 10 миң сый акы алган мугалим иштен алынды

17.08.2021 10:25
679
Студенттерден мыйзамсыз түрдө 10 миң сый акы алган мугалим иштен алынды

Жалал-Абадда мыйзамсыз сый акы алган жогорку окуу жайдын кызматкери аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан 2021-жылдын 26-июль күнү жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан жогорку окуу жайлардын (ЖОЖ) биринде иштеген “Динара” аттуу жаран “А” аттуу жарандан жумушуӊду бүтүрүп беремин деп олуттуу өлчөмдө акча талап кылып жаткандыгы боюнча маалымат алынган.


Аталган маалымат ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 238-беренесинин (“Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу”) негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.


Жогорудагы сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында, 2021-жылдын 28-июль күнү саат 11:00 чамасында ЖОЖ окутуучусу А.Д., факультеттин деканынын кабылдамасында студенттердин сабактарынан экзамендерди бүтүрүп баа койдуруп беремин деп, 10 миң 500 (он миң беш жүз) сом акчаны мыйзамсыз сый акы кылып алгандыгы аныкталган.


Тергөөнүн жүрүшүндө А.Д. студенттердин аты-жөнүн жана алардан алган акчалардын суммасын бир барак кагазга жазып, ороп койгон жеринен өз ыктыяры менен алып, тергөө кызматына тапшырган жана атайын тергөө аракетинин жүрүшүндө далил буюм катары алынган.


Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча А.Д.га КР Жазык кодексинин 238-беренеси боюнча айыбы угузулуп, Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан өндүрүш иши соттун кароосуна жиберилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн