Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 22:46
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Судья Алмазбек жана бажычы агасы Нурлан Жоошбековдордун бай жашоосу (видео)

08.04.2021 16:35
1494
Судья Алмазбек жана бажычы агасы Нурлан Жоошбековдордун бай жашоосу (видео)


Ютубдагы Temirov live каналында Актилек Капаровдун алып баруусунда “Кымбат унаалар жана ийгиликтүү бизнес: судьянын жана бажычынын жакындары кандай жашайт?” деген аталыштагы видео иликтөө жарыяланды.


Анда райондук соттордун биринде судья болуп иштеген Алмазбек Жоошбеков жана анын кызынын чет өлкөдөгү кымбат баалуу жерлерде көңүл ачып, эс алып жүргөнү, ошондой эле жакын туугандарынын байлыктары ашкереленди. 


Аялы Ибраева Гүлзат “Ата Журт Кыргызстан” партиясынан шаардык кеңешке талапкер, ал эч жерде иштебей турганы көрсөтүлөт, ал эми судья Алмазбек Жоошбековдун жылдык кирешеси 420 миң сом экени өзүнүн декларациясында көрсөтүлгөн, айлыгы 35 миң сом. Декралацияда жакын туугандарынын кирешеси көрсөтүлгөн эмес. Бирок кызынын "Шереметова" аэропортундагы бир жолку вибзалга кирүүсүнүн баасы эле 32 миң рублди түзгөн. Анын “Инстаграмдагы” баракчасынан Дубайда, Францияда кымбат баалуу жерлерде эс алып жүргөнүн маалымдап турат. Мындан тышкары үйүнүн жанында токтоп турган жакын туугандарына тиешелүү 4 жолтандабасты көрүүгө болот.


Судьянын атасы Нарынкул Жоошбековдун наамына 3 унаа жазылган. Ага катталган унаалардын биринен көп суммадагы айып пул салынганын, бирок аны төлөй электигин көрүүгө болот. Ал  “Талды-Булак” алтын комбинатынын курулушун жетектеген. Бул ишкана “Кыргызалтындын” акчасына курулган. Ушул тапта ал бир топ жеке компанияларды негиздеп, жетекчилик кылат.


Судьянын бир тууганы Нурлан Жоошбеков бажычы, ал аркылуу анын атасынын бир тууганы Нарынкул Кульматов, аялы Жибек Кульматова чет өлкөдөн товар ташып кирип, ири бизнес кылуу менен алектенет.

Бул видео материалда дагы башка жакындарынын үй-бүлөлүк кландык ишмердүүлүктөрү, чырмалышкан эбегейсиз байлыктары, саясий жүрүштөрүн толук көрсөңүздөр болот. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн