Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 07:31
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Судья Сулайманов ээрден ооду

27.01.2020 13:42
772
Судья Сулайманов ээрден ооду

Жогорку соттун маалымат кызматы билдиргендей, Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Э.М.Сулайманова тартип жоопкерчилигине тартылып, мөөнөтүнөн мурда бошотуу туурасында тартиптик жаза көрүлдү. Бул чечимдин негизинде президентке аталган судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу туурасында сунуш жөнөтүлдү.

Эске сала кетсек,  2020-жылдын 5-январында маалымат булактарда Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Э.М.Сулайманованын жаңы жылдык кечеден кийин жол кырсыгына кабылгандыгы тууралуу маалыматтар чыккан. Бул маалыматта Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Э.М.Сулайманованын аракеттери Кыргыз Республикасынын судьясынын Ар-намыс кодексиндеги судьянын аброюна жана кадыр-баркына шек келтирилгендиги көрсөтүлгөн.

“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 5-1 статьясына ылайык, судья Кыргыз Республикасынын судьясынын Ар-намыс кодексинин талаптарын сактоого милдеттүү экендиги жана судьянын кадыр-баркына шек келтирген нерселерден алыс болушу керек экендиги жазылган.

Буга байланыштуу, КР Жогорку сотунун төрайымы Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына, судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу туурасында сунушу жөнөткөн.

КР Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын 2020-жылдын 27-январындагы чечими менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын сунушу канааттандырылып, Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Э.М. Сулайманова тартип жоопкерчилигине тартылып, мөөнөтүнөн мурда бошотуу туурасында тартиптик жаза көрүлдү.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн