Бугу 07, 2024
Убакыт: 19:06
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Судьялар кеңеши эки судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотууну чечти

05.08.2022 12:27
853
Судьялар кеңеши эки судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотууну чечти

Судьялар кеңешинин 4-августтагы жыйынында эки судьяны кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотуу чечими кабыл алынды. Бул боюнча Тартип комиссиясынын бүтүмү угулуп, талкууланды.


Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков жакында Тоң райондук сотунун төрагасы Ниматилла Каримбековго жана Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Жамиля Туражановага чара көрүүнү суранган.


Судьялар кеңеши аты аталган эки сотту мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу сунушун президент Садыр Жапаровго жолдоду.


Ошондой эле Бишкектин Биринчи май районунун судьясы Нурдин Ибраимовго, Чүйдүн Кемин районунун судьясы Аманбек Төлөнбаевге мындан ары иште кемчилик кетирбөөсүнө эскертүү берилди.


Булак: "Азаттык"


Талас облусунун Кара-Буура районунун судьясы Гүлмира Бапанованын да иштеги кемчилиги белгиленди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн