Ѳткөн жылы күздө Нарын областына барып жайгашкан Памир кыргыздарынын теңинен көбү кайтып кетти, калгандары кетүүгө камынууда. Алар жаңы жердеги жашоонун келечеги бүдөмүк болуп жатканын жана жергиликтүү шартка көнүп кете албаганын айтышууда.
Памир кыргыздарын көп жылдан бери изилдеп жүргөн профессор, тарых илимдеринин доктору Сулайман Кайыпов памирлик кыргыздардын өзүнчө бир субэтнос экенин кыргыз өкмөтү түшүнбөй жатканын сынга алууда.
С. Кайыпов: Булардын тарыхын, маданиятын, тилин, менталитетин, философиясын, психологиясын изилдеп көргөнүңдө, бир этностун ичиндеги субэтнос болуп cаналат. Бул памирлик кыргыздардын бүтүн кыргыз ичинде өзүнчө көркү бар, өзүнчө түсү бар, өзүнчө маданияты бар. Ушундай бир субэтнос. Мисал үчүн грузиндерде мингрелдер бар, ошол сыяктуу.
Ошондуктан буларды ошол жеринде, өзүлөрү турган жерде кам көрүп, үй салып берип, керек болсо мектеп салып берип, жанына оорукана салып берип, ошол жактан каалагандарды жиберип иштетсе болмок. Ошондой кылса булар ошол жерди сактап турат эле. Буларды Кыргызстанга алып келип, анан бир өрөөнгө бир-эки үй-бүлөдөн чачып ийгенин эмне деп айтсак болот? Чыккынчылык десем катуураак болуп калат. Бул өзү иш билбестик да. Буларга туура эмес мамиле болот. Себеби, бул субэтностун маданиятын жок кылуу деген сөз, өзүңдүн маданиятыңды жок кылуу деген сөз да. Эми бир он үй бүлө келсе, алтымыш, жетимиш кишини бир райондо эритип ийгенде эл көбөйүп калабы? Маданият өлүп калат да.
Ошондуктан эгерде буларды алып келе турган болсо, атайын мамлекеттик программа иштеп чыгыш керек эле. Анан ошого ылайык атайын бир жер бериш керек эле. Булардын маданиятын ачык асман музейиндей кылып сактоо керек. Ушинтип чачып ийип, бирден-экиден кылып отургузуп койгондо буларга кыйноо да өзү. Жаман зор кыйноо, психологиялык кыйноо. Физикалык адаптациядан өтүшү кыйын. Маданий адаптациядан өтүшү кыйын. Мындай катаал немеге чыдай албайт. Алар чыдабайт, кетип калат деп мен мурдатан эле айтып жүрөм.. Болчу беле ошондой. Алар башка эко-системанын адамдары. Анан бул жерге келгенде жат болуп калат, өзүлөрүн да жат сезе берет. Анан биздикилер дагы аларды оңой менен өз деп сезбейт. Ошондуктан ушул карама-каршылыктан улам алар баары бир кетип калат. Аларга башка мамиле керек болчу. Булар жерде популисттик же болбосо кандайдыр бир башка кызыкчылыктар бар го, ошон үчүн алып келген деп айтамын.
Би-Би-Си: Алардын балдарын алып келип, дарыгер, мугалим жана башка адис кылып окутуп, кайра жиберген туура болот деген сунуштар мурда деле айтылган. Бирок кыргыз өкмөтүнүн оюнда эмне бар экенин так билүүгө болбой жатат.
С. Кайыпов: Мен тарыхый жагынан ала турган болсом, кыргыздын ушу төбөлдөрүнө, чоңдоруна мындай бир ой айтат элем да, алар эми аны кылбайт. Бирок ушул ой болуш керек да. Вахан коридору кыргыздардын автономиясы өзү. Кыргыздардын автономиясы ал. Себеби Афганистан официалдуу түрдө тааныбаган менен Закир Шах өз убагында аны кыргыздардын автономиясы катары эле эсептеген, ошондой мамиле кылган.
Эгерде Афганистан менен байланышып туруп, кыргыздарга өзүнчө бир саясий статус бергиле десек, бербей коймок беле. Ошондой кылып сактап туруп, эл аралык масштабда чечиш керек да бул маселени. Ошондон кийин анан мектеп курулат, ошондон кийин жол салынат. Ошондо булардын маданияты сакталып калат. Анан кыргыздын жери дагы кемибейт да.
Эми ушуну бирөө укса айтышы мүмкүн олуясынат деп. Олуясынбай эле айтайын, ошол жер кимдин колунда болсо миңдеген жылдардан кийин дүйнөнү ошол башкарат. Экология бузулуп баратат, адам экологиясы бузулуп баратат. Жаратылыш, температура, ысык-сууктун баары өзгөрөт. Өнөр жай мындан ары күчөй берет, курал жарак чыга берет. Ошентип отуруп бүт баары өзгөрөт, өзгөрүп отуруп ошол Памирдин суусу, Памирдин абасы алтынга сатылат. Ошондой доорго биз жакындап калдык. Булар өзү ал жерди бейиш деп эсептейт, биз жаман дегенибиз менен. Бейиш эгер бар болсо, ушул Памир тоолорунун алдында деп сүйлөшөт да. Анан "силер ушундай жерде жашайсыңар, кокуууй" деп ыйламыш болуп барып, жетелеп алып баса бергендерге таң калам да. Ал жерде туулган да булар, ошол жердин адамы да. Ошол эко-системанын бир бөлүгү да булар. Көчүрүп келип алып ушул жердеги элге сиңирип ийем дегендер патриотпу?
Би-Би-Си: Дүйнөнүн эң чыдамкай беш эли деген изилдөө чыгыптыр эле. Ошондо окумуштуулар биринчи орунду ушул памирлик кыргыздарга ыйгарышкан экен. Бул дагы өзүнчө бир артыкчылык сапат да.
С. Кайыпов: "Ошол жерде кыргыздар жүрөт, үч-төрт күн тамак ичпей эле, суу ичпей эле, атына минип алып чапкылап ишин бүтүрүп жүрө берет", деп тарыхчылар жазып атпайбы. Бирок ачка калганын, анан суусап кеткенин көрбөйсүң дейт. Алдан тайып да калбайт дейт. Булар ушундай эл дейт. Мунун да себеби бар да. Булар ошол жердин шартына ылайыктуу тамак ичишкен. Булардын тамак маданияты өтө бай. Биздикиндей эмес. Ошол экологиялык-системага ылайыктуу. Кишинин денесиндеги өлүү клеткалардын баардыгын сүрүп чыга турган сүттөн тамактарды жасап жешет. Эттен шумдук тамактарды жасашат, биз жебеген мөмөлөрдү жешет.
Мына мен азыр булар чилан жеген десем эч бир кыргыз түшүнбөйт, "чилан" деген эмне деп. Булар гана билет. Чилан деген мөмө бар. Ошону алып келип жешкен. Ал канды тазалайт. Биз жебегендерди жеген, ошондой эле булар ойногон. Оюн десең азыр эл түшүнбөй атпайбы. Адамды адам кылган нерсе ошол оюндун өзү. Булар элдик оюндарды ойногон. Мен ошолордун баарын изилдеп жүргөн адис катары айтып атам да. "Ордо" баш болгон оюндары бар, бирок "Ордосу" бир аз башкачараак. Ошондой оюндарынын баары адамды-адам кылууга, сактап калууга, ден-соолугун чыңдоого, рухун тереңдетүүгө, байытууга багытталган да. Ошол комплекстен келип отуруп анан Памир кыргыздары ошол чөлкөмдүн лидери болуп, дүйнөнүн эң чыдамдуу, эң күчтүү адамдары болуп чыккан.
Би-Би-Си: Афган өкмөтү менен Кыргыз өкмөтү биргелешип Памир кыргыздарын сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө бир стратегия иштеп чыгып, БУУнун тармактык уюмдарынын деңгээлинде маселе коюп, эл аралык чоң бир долбоор аткарса болот деген сунуштар айтылууда. Эл аралык коомчулук кантип каралашпай койсун.
С. Кайыпов: Мына биздин байлар жөн эле бай эмес да. Булар маданияты жок, жөн эле акчасы көп кишилер да. Акчасы эртең түгөнүп көчөдө калат булар. Эгер булар чындап бай болсо, чогулуп алып барып, ошол жерге оорукана салып, окуй турган жай салып, изилдетип, статусун жогорулатып, саясатын жүргүзүп турса болбойбу. Анын ордуна кыргыз байлары чет мамлекетке алпарып туруп акчаларын салат экен. Булардын баары чыккынчы, сөздүн ачыгын айтканда. Андан көрө ошол Афганистандагы кыргыздарга боору ооруп аткан болсо, ошол жерге салсын. Оорукана куруп берсин.
Дагы бир көйгөй маселенин ачыгын айтыш керек, апийим деген балекет бар. Балекеттин баардыгын кылып аткан ошол. Мына ошондон куткарыш керек. Түшүндүрүш керек, мунун эмне экенин билдирип, керек болсо дарылаш керек. Ошол апааттан коруш керек буларды. Ошондо анан булардын сөөгүнүн тереңинде жаткан генетикалык чоң бир потенциал ачылат. Булардын ичинен чоң окумуштуулар чыгат. Мына, Түркиядагы Памир кыргыздары бар эмеспи, ошолордун балдарын мектепке алпарып койсоң, кайсы мектепке барса да биринчи болот. Себеби генетикасында укмуштар бар. Ал жерге жөн кишилер барган эмес, экинчиден табият дагы буларды ылгап койгон. Бул табиятта күчтүү болсоң гана өлбөй каласың.
Булак: bbc.com
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн