4-февралдан 1-мартка чейин «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси башкы көргөзмө залы менен үңкүр музейине акысыз экскурсияны сунуштайт. Бул тууралуу музей комплексинен билдиришти.
Кыргызстандагы эң чоң музейлердин бири “Сулайман-Тоо” Ош шаарында ушул эле аталыштагы тоонун этегинде жайгашкан. Комплекс 1949-жылы Ош облустук аймак таануу музейи катары негизделген. 1978-жылдан облустук тарыхый-өлкө таануу музейи, 1982-жылдан Ош бириккен тарыхый-маданий музей-коругу. 2004-жылдын 10-апрелинен баштап «Сулайман-Тоо» Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси деп аталып келет.
Азыркы музейдин имараты 1978-жылы Ош шаарынын 3000 жылдыгына карата курулган. Ал 2009-жылы ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Сулайман-Тоонун ичинде оюлуп жасалган.
Бүгүнкү күндө музейдин коллекциясында археологиялык жана этнографиялык, кол өнөрчүлүк, сүрөт, скульптура жана графика боюнча 35 миңге жакын экспонат бар.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн