Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 20:46
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Сулайман тоодон кулаган таш турак үйгө түшкөн

02.03.2023 17:54
414
Сулайман тоодон кулаган таш турак үйгө түшкөн

Сулайман тоодон кулаган таштан бир турак үй жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, туруксуз аба ырайына жана жаан-чачындын кесепетинен Сулайман тоодон таш кулоо учуру катталып, Ош шаарындагы Кол өнөрчүлөр көчөсүндө жайгашкан  турак жайдын дубалын тешип киргендиги боюнча башкармалыкка 2023-жылдын 24-февраль күнү аталган турак үйдүн ээси кайрылган.


Кайрылуунун негизинде, жерине 8 куткаруучу тартылып, кулап түшкөн ташты куткаруучу шаймандардын жардамы менен майдалап, сыртка чыгарып беришти. 

КР ӨКМ ПРЕСС БОРБОР

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн