Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 04:22
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Султан Раев Түркмөнстандын президенти менен жолугушту

02.12.2022 13:10
239
Султан Раев Түркмөнстандын президенти менен жолугушту

ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолукту. Бул тууралуу ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун басма сөз кызматы билдирет.


Жолугушууда Түркмөнстан менен эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун маданий-гуманитардык байланышын күчөтүү, маданий алаканы активдештирүү, маданий багыттагы долбоорлорду жандандыруу маселелеринин алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөр өткөн.


"Президент Сердар Бердымухамедов Түркмөнстан түрк дүйнөсүнүн маданий интеграциялык процессине активдүү катышарын, ошондой эле маданий кызматташууну күчөтөрүн билдирди", - деп айтылат маалыматта.


Билдирүүдө ТҮРКСОЙ эл аралык уюму үчүн быйылкы жыл маданий бурулуштун жана маданий жандануунун жылы болгондугун эске салышты.


"ТҮРКСОЙ эл аралык уюмуна Өзбекстан толук кандуу мүчө болуп кирди. Ал тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Миризёев Самаркандда өткөн Түрк мамлекеттеринин башчыларынын саммитинде расмий жарыялаган. Бул да Өзбекстан менен системалуу алып барган ишибиздин жыйынтыгы. Түркмөнстан да маданий интеграция процессинде ушундай позицияда экендигин баса белгиледи", - деп билдиришти уюмдун басма сөз кызматынан.


2024-жыл улуу акын жана философ Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына карата түрк дүйнөсүндө Махтумкули жылы деп жарыяланды. Ал эми 2024-жылы Түркмөнстандын байыркы Аннау шаары Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору статусуна ээ болот. Бул багытта бир нече долбоорлор ишке ашат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн