ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раевге “Ош облусунун ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Наамды президенттин облустагы өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев тапшырып, облус башчысынын атынан драматургга ийгиликтерди каалады.
Андан тышкары, Султан Раевге “Даанышман” медалы тапшырылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн