Бугу 06, 2024
Убакыт: 05:01
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Султаналиевадан кеңеш: 7де турсаң чокуңа жетишесиңби, мен төрттө турам

16.02.2021 08:54
468
Султаналиевадан кеңеш: 7де турсаң чокуңа жетишесиңби, мен төрттө турам


Кат куржундан суроо бериптир кантип чемпион тарбияласам болот деп.


Саат канчада турасың десем 7де дейт. Анда как чокуңа жетишесиңби дедим. Мен 4 тө туруп араң жетишем, спортсмен 4 жашынан диетада, кайнатылма таза оокат, кышын жайын жашылча жейт. Саат 7де 2 саат иштеп калган болот, зарядка кылат, окуусундагы тапшырмаларды аткарат, музыка угат, сезимин ойготуп. Даяр оокат жейт, энеси 4тө турса. Турбай дыңкыйып жатсам өзү даярдап жешти 7 жашында үйрөтүп койгом чемпиондорго. Анан таң азандан кечке машыктырып, институтка алып барып окутуп, маданият жактарында өнүктүрүп чуркайсың, өзүңда иш арасында иштеп сөзсүз чоң каражаттарды табасың. Жолдошуңда кечкери мээнеттенет, мотивациясын жоготпой мотивировать этсең. Бул туулгандан кийинки мээнеттер.


Туула электегиси андан көп, шарт түзөсүң каерде туулуп, каердин гражданини болоруна. Ошол мамлекетте иштеп, окуп башың менен илим кудугун казып, колуң менен жер казсаңда акча таап үй жай сатып аласың. Анан эсеп ачып каражат топтойсуң, чемпион балаң туулганда ыргытып кетип калбай тууган уругуңа, өзүң багасың миллион тонна мээрим төгүп, эне сүтүнө 3 жыл тойгузуп эмгизип, ден соолугундагы иммунитетти күчтүү кылып. Антпесең жетим улактай тостоюп ачка саясатчылар саранчадай чоңойот, тилдери сайрайт бирок мээсида көөдөнүда бопбош болот. Ошондода сени багар эч ким болбойт, баягы эсепке салып койгон акчаңа жашайсың кор болбой.


Анан ак ат минген принцда сага жабышып жашайт, жакшы саан уй экен, жашасам менда менин балдарымда кор болбойт деп.


Уктуңбу? Суроо бергич ойсуз Кереметгүлжамалмайрам.


Сүрөттөгү чемпиондун бир таңдагы тамагы, мындай таңдар миңдеген миллиондогон болот. Ананда чемпион болбой калышы мүмкүн. Бирок болуп калса мактанып чындык жазып өлгүчө жашай бересиң, башкаларга үлгү болуп.


Ак жол алтышка дагы сөйрүйүп таарынып калба, бул менин чындыгым, сен сурадың мен жооп бердим.


Ар бир инсан өнүгүш үчүн алдыдагы келе элек проблеманы, келтирбей сезип чечип коёт. Мээси иштесе.


Жапондор айтат кызың уулуң жаралганда кеч болуп калды тарбияга, жарала электе өзүңдү тарбияла деп.


Падишахан Султаналиева



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн