Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 12:32
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Султанбаев Орхан Инандынын уурдалышына Садыр Жапаровдун тиешеси бар деген шектенүү боюнча үн катты

07.07.2021 22:06
755
Султанбаев Орхан Инандынын уурдалышына Садыр Жапаровдун тиешеси бар деген шектенүү боюнча үн катты

Кыргызстандын бийлиги Орхан Инандынын өлкөдөн чыгарылып кетишине тийиштиги бар деген шектенүүлөр акылга сыйбайт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.


Буга чейин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Кыргызстандын бийлиги Түркия менен өз ара келишип, Орхан Инандыны кармап берген деген шектенүүнү айтышкан. Айрым парламентарийлер "кармап беришти", "белек кылышты" деген түрк медиасында жарык көргөн макалаларды мисалга келтирди. Президенттин маалымат катчысы булардын баарын абсурд деп атады.


"Орхан Инанды жоголгон биринчи күндөн тартып эле президент Жапаров күч түзүмдөрүнө аны издөөнү, чек араларды көзөмөлдөөнү, кошумча күчтөрдү тартып ыкчам издөө иштерин жүргүзүүнү тапшырган. Буга чейин да аны уурдоого үч ирет аракет болгон экен. Акыркысында биздин атайын кызматтын өкүлдөрү сактап калганы аныкталды. УКМК Инандыга жан сакчынын кайтаруусунда этият болууну өтүнгөн", — деген Султанбаев.


Ал Инандынын уурдалганы боюнча маселе түрк тарапка коюлганын, кечээ өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Түркиянын элчисине нааразычылык нотасын тапшырганын белгиледи. Түркия тарап буга азырынча расмий жооп бере элек. Деген менен алар оозеки түрдө Орхан Инанды Түркиянын жараны экендигин, ал жарандыктан чыкпагандыгын билдиришкен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн