Бугу 13, 2024
Убакыт: 06:35
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Султанбай Айжигитов, ЖК депутаты: “Авиация агенттиги менен “Манас” аэропортунун жетекчилигин аябай сынга алдым”

06.10.2023 10:55
966
Султанбай Айжигитов, ЖК депутаты: “Авиация агенттиги менен “Манас” аэропортунун жетекчилигин аябай сынга алдым”


- Султанбай Абдрашитович, 2014-жылы эле Баткен аэропортуна эл аралык макам берилген экен. Анда эмне үчүн дале эл аралык каттамдар аткарыла элек?


- Өзүңүздөр жакшы билесиздер, бюджеттен тышкары биздин элди багып аткан – бул мигранттардын акчалары. Бир миллиондон ашык мекендештерибиз чет өлкөлөрдө иштеп, үйлөрүнө акча салышууда. Андыктан, биз аларга аябай көңүл бурушубуз керек. Мисалы, Баткен облусун ала турган болсок, ал жерде ар бир үй-бүлөдө бирден-экиден мигрант бар. Негизи түздөн-түз барып келүү маселеси өтө курч турат. Ошондон улам Баткендин, Лейлектин аэропортторуна эл аралык макам берүү боюнча көп жылдан бери маселе көтөрүп келебиз. 2014-жылы ошондой макам берилген. Андан тартып эле бул багытта иш жүргүзүү керек эле.


- Бул тармактагылардын айтымында, аэропорттогу учуучу-конуучу тилкелер кыска экен...


- Анын баарын жасаса болот да. Тилкени 1,5-2 чакырымга эле уазртса, ал жерде чоң самолеттордун да учуп-конуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондон бери эчтеке жасалбагандыгынан ал жерди кээ бирөөлөр “самозахват” кылып, тамдарды сала башташты. Бирок, аны деле чечсе болот. Мен буларды (авиация агенттигинин, “Манас” аэропортунун жетекчилигин) аябай сынга алган себебим, кичине кыймылдаш керек да. Жолдору бар. “Эмки келгенде калькуляция, конкреттүү план менен келгиле, түшүндүргүлө, ошол жерден биргеликте жолун издейли” дедим.


- “Самолетторду сатып алдык, 2024-жылдын майынан тарта уча баштайт” дешти окшойт...


- Ошентип атышат. Карап көрөлү. Ишке ашып калса, ажеп эмес... 

"Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн