Чын курандын 30, 2025
Убакыт: 20:33
USD
87.30
87.80
EUR
99.10
100.10
RUB
1.060
1.090

Султанбай Айжигитов жубайын ЖКнын аппаратына мыйзамсыз ишке орноштурган деп айыпталууда

30.04.2025 15:36
27
Султанбай Айжигитов жубайын ЖКнын аппаратына мыйзамсыз ишке орноштурган деп айыпталууда


Мурдагы депутат Султанбай Айжигитов жана анын жубайы кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында маалымдалгандай, 2025-жылдын 28-мартында Борбордук шайлоо комиссиянын чечими менен С.Айжигитов Жогорку Кеңештин депутатынын мандатынан ажыратылган.


2025-жылдын 3-апрелинде Жогорку Кеңештин аппаратына экс-депутат С.Айжигитовдун жубайы Г.Жолдошованын мыйзамсыз жумушка орношуусу боюнча кызматтык иликтөөнүн материалдары келип түшкөн.


Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн алкагында С.Айжигитов 2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлангандан кийин кызматтык турак жай жана башка жеңилдиктерди жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, 2022-жылдын башында жубайы Г.Жолдошованы Жогорку Кеңештин аппаратына мыйзамсыз жумушка орноштурууну уюштурганы аныкталган.


Ал эми колдонуудагы мыйзамдар жубайлардын түздөн-түз баш ийишине же көзөмөлдөөдө болушуна байланышкан мамлекеттик кызматта болуусуна тыюу салат, ал эми парламент депутатынын Этика кодекси өзүнүн жакын туугандарынын кызыкчылыктарын жана Жогорку Кеңештин аппаратындагы кызмат орундарына ишке орноштуруу маселелерин илгерилетүүгө мүмкүндүк бербейт.


Андан тышкары,С.Айжигитовдун жооптуу кызматы жана өлкөнүн жогорку мыйзам чыгаруу органынын депутаты катары жогорку абалы анын жубайы Г.Жолдошованын кызматтык милдеттерин атайылап аткарбай, жумушка келбей калышына жол берген, ошол эле учурда ал өлкөнүн бюджетинен айлык акы жана башка тиешелүү төлөмдөрдү толук алып турган.


Алсак, Г.Жолдошова 2022-жылдын февраль айынан 2025-жылдын апрелине чейинки аралыкта эмгек акы, сыйлыктар, эмгек өргүүсүнө жана башка төлөмдөргө республикалык бюджеттен 3,2 млн сомдон ашык каражатты мыйзамсыз алган.

Белгилей кетсек, С.Айжигитов 2005-2008-жылдары жана 2010-2011-жылдары Баткен облусунун губернатору болуп турганда мамлекеттик кызматка ушундай мамиледе болгон.


Эки жолу тең С.Айжигитов аялын мыйзамсыз ишке орноштурган, тагыраагы Г.Жолдошова Баткен облусунун мамлекеттик администрациясына караштуу "Төрт-Гүл" мейманканасынын директору болуп, күйөөсүнө түздөн-түз баш ийип, мыйзамсыз түрдө эмгек акы жана башка төлөмдөрдү алып жүргөн.


Жогоруда баяндалган фактыларды талдоо С.Айжигитов үчүн мамлекеттик кызмат, жеке пайда жана артыкчылык алуу мамлекеттик кызыкчылыктардан жогору тургандыгын ачык көрсөтүп турат, бул массалык маалымат каражаттарында ал тарабынан түзүлгөн элдин кызыкчылыгын коргоочу жалган образынан кескин айырмаланат.


Тергөөнүн жыйынтыгында 2025-жылдын 30-апрелинде С.Айжигитов жана Г.Жолдошова кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылып, аларга тиешелүү айып тагылып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан тергөөнүн жүрүшүндө баш коргоо чарасы тандалат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн