Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 04:05
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Султанбай авама бир ооз сөз

31.01.2022 19:08
3072
Султанбай авама бир ооз сөз


Кыргыз-тажик чек арасында болуп жаткан окуяларга Баткендин кулуну катары менин дагы жүрөгүм ооруп турат. Чырдын башы эмнеде жатканын ар бир жердешим сыяктуу мен дагы жакшы билем. Ошондуктан, мен деле бул оор кырдаалда айрым саясатчы, депутаттарга окшоп бийликте тургандарга, айрыкча түздөн-түз ушул багытта иш алып бара жаткан жетекчилерге акыл айтып, кыйынсынсам жарашмак. Бирок, бүгүн ар бир туура эмес айтылган сөз келечекте келип, өзүбүзгө зыян тийип калаарын жакшы түшүнөм. Ар бирибиз үчүн бул бүгүн эреже болушу керек.

Ачыгын айтканда, акыркы кезде Султанбай Айжигитов авамдын сүйлөгөндөрү жакпай калды. Сиздин ким экенинизди Баткендин эли билбейт деп жатасызбы? Кайсы жерде чыгып сүйлөбөсүн, “я, как экс-губернатор Баткенской области...”- деп сөздү баштайсыз! Айтыңызчы, губернатор катары Баткенге эмне иш кылып бердиңиз эле? Жердештерим ишке ашпаган “Теке секирик” тууралуу жөө жомогуңузду гана эстеп калбаса, башка мактана турган деле нерсеңиз жок.

Мына, азыр жөн олтурбай, чек ара боюнча эксперт болуп, ойду-тоону сүйлөп жатасыз. Ошончолук кыйын экенсиз, губернатор болуп турганда эмне үчүн чек ара тууралуу бир дагы ооз ачып койгон жоксуз? Чек арада кыйналып жашап жаткан элдин турмушун жеңилдетүүгө жарым аракет дагы жасап койгон жоксуз го? Жок дегенде ошол кездеги КР Коопсуздук кенешинин катчысы А.Мадумаровго ал кездеги президенттин кеңешчиси, ошондой эле “как экс-губернатор” катары бир ооз: “Адаке, бул протокол элдин кызыкчылыгына каршы келет, эртең ушуну бетке кармашат, кайтыңыз, элге шерменде болобуз!”- деп айтып, токтотуп калсаңыз, анда азыр эксперт болуп божурасаңыз жарашмак! Бүгүн болсо ошол протоколду дагы актап жатасыз, анткени, бир кайыкта болгонсуздар! Сиздин моралдык жоопкерчилигиниз сөзсүз бар, ал эми кызматтык жоопкерчилигинизди тийиштүү органдар текшерип чыгышы керек!

Ошондуктан, Султан ава, элдин башын айлантып, калп айтып, кырдаалдан пайдаланып саясий упай топтоо аракетиңизди токтотуңуз! Бүгүн жалгыз сиз акылдуу дагы, калгандар келесоо эмес! Сиз сындап жаткан жетекчилер дагы кыргыздын патриоттору! Сиз сүйлөп кете бересиз, а бирок, аларда жоопкерчилик мойнунда. Алар үчүн да кыргыздын ар бир метри ыйык болсо керек!

Нургазы Анаркулов, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн