Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 05:56
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Султанбеков Жапаровдун үстүнөн УКМКга жана Башкы прокуратурага арыз жазды

24.06.2021 17:25
2713
Султанбеков Жапаровдун үстүнөн УКМКга жана Башкы прокуратурага арыз жазды


"Кыргызстан социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков УКМКга жана Башкы прокуратурага Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаровдун үстүнөн арыз жазды. Бул тууралуу ал Facebook баракчасы аркылуу билдирди.


Темирлан Султанбеков белгилегендей, 2020-жылдын 10-декабрында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын тергөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мирлан Жалгасынов чиновниктин жубайы Анара Жапарова салык төлөөдөн качуу ишинин алкагында бюджетке 28 млн төлөп берген.


Жапаровдун жубайына таандык компаниялар мамлекетке 90 миллион сом зыян келтирип, анын 28 миллиону кайтарылган.


"90 миллион сомдун 28 миллиону гана төлөнгөнбү? Ошондой эле маалымат берүүңүздү өтүнөм, Анара Жапарованын жолдошу Акылбек Жапаровго да тиешеси бар экендиги тергөө учурунда аныкталдыбы? Балким, табылды. Анда эмне үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесине ылайык, Акылбек Жапаров бир нече жылдык мөөнөткө мыйзамда көрсөтүлгөндөй мамлекеттик жана саясий кызматтарды ээлөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылбайт?", - деген ал.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Венера
Мен толук кошулам Акылбек Жапаров эң куйту адам Муну камаш керек
Максат
Эн туура жооб берсин