Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 23:38
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Сүлүктү шаарында 3 күндүк "Арсенал" рейди өттү

26.11.2021 09:52
459
Сүлүктү шаарында 3 күндүк "Арсенал" рейди өттү



2021-жылдын 22-ноябрынан 25-ноябрына чейинки аралыкта Сүлүктү шаарында “Арсенал” иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы кабарлады.


Сүлүктү ШИИБнин милиция кызматкерлери бул 3 күн аралыкта 3 топко бөлүнүп, шаар аймагындагы жарылуучу заттарды сактаган мекеме-ишканаларды, үйүндө курал сактаган мергенчилердин үйлөрүнө барып сакталган курал-жарактардын сакталуу эрежелерин, жайларын, жана алардын мөөнөттөрүн текшерип чыкты. Шаар аймагында алдын алуу иш-чарасында уурдалган курал-жарак, ок-дарылар аныкталган жок.


Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 85-беренесинин (Атуучу куралды каттоо мөөнөтүн бузуу) негизинде 2 жаранга айып пулдар салынып, актылар толтурулду.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн