Бугу 09, 2024
Убакыт: 08:30
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Сүлүктү шаарында баңгизат сактап жүргөн жаран аныкталды

31.01.2023 11:48
348
Сүлүктү шаарында баңгизат сактап жүргөн жаран аныкталды

Сүлүктү шаарынын жашоочусу өзүнүн үйүндө баңгизат өстүрүп, сактап жүргөн жеринен кармалды. 


Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жана Лейлек РИИБдин БМЖКККнын кызматкерлери 2023-жылдын январь айында үйүндө баңгизат өстүрүп, пайдаланып жана сактап жүргөн жаран «Ф» боюнча ыкчам маалымат алышкан. 


Аталган билдирме 2023-жылдын 23-январь күнү Лейлек РИИБдин Маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөө амалдары башталып, караштуулугу боюнча Сулукту ШИИБге жөнөтүлгөн. 


Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүмүндө (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголгон. Баткен ОИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жана Лейлек РИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн өздүгү такталып, ал Сүлүктү шаарынын жашоочусу 1970-жылы туулган С.Ф. болуп чыккан. 


Шектүүнүн үйүнө кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, натыйжасында мончосунун жанында жайгашкан турак жайга керектелүүчү жайынын полкаларынын алдынан үч даана желим идиште жана ак салафан баштыкта, чачылган отундар арасынан 1 даана желим идиште, үйүнүн бөлмөсүнөн 1 литрлик, 3 литрлик банкаларда салынган өзгөчө жыты бар, жашыл түстөгү кургатылган зат далил катары табылып алынган.  


2023-жылдын 24-январындагы соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн заттын таза салмагы 216.85 грамм болгон “кургатылган марихуана” баңгизаты экендиги аныкталган. 2023-жылдын 25-январь күнү шектү катары кармалган жаран Лейлек РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

2023-жылдын 26-январь күнү Сүлүктү шаарынын тергөө судьясынын чечими менен шектүү С.Ф. карата эки айга чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн