Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 12:56
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Сүлүктү шаарында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

31.10.2022 11:47
796
Сүлүктү шаарында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү


Сүлүктү ШИИБдин милиция кызматкерлери коомдук жайларда коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө максатында коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.  Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.


 Мекеме билдиргендей, эл топтолгон жайларга, автобекеттерге, мектеп айланасындагы дүкөндөргө эскертүү жарнамаларын илип, коомдук жайларда тартиптүү болууга жарандар менен сүйлөшүп, коомдук тартипти сактоо боюнча көчөлөрдө жана коомдук жайларда кылмыштуулуктун алдын алуу, өспүрүмдөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөө, үй-бүлөлүк зордук зомбулуктарды болтурбоо, ата-энелер тарабынан жаш балдарды көзөмөлдөө боюнча эскертүүлөр берилди. 


2022-жылдын 9 ай ичинде коомдук жайларда тамеки тарткан 14 жаранга жана спирттик ичимдигин ичкен 17 жаранга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинен протоколдор толтурулуп, айып пулдар салынды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн