Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 09:27
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Сүлүктү шаарында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

13.10.2022 16:01
609
Сүлүктү шаарында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Сүлүктү шаарында милиция кызматкерлери калк арасында ар тараптуу кылмыштуулуктун алдын алууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Сүлүктү ШИИБдин милиция кызматкерлери шаар аймагындагы тургундардын коопсуздугун көзөмөлдөө жана укук бузуулардын алдын алуу, батир уурулуктардын алдын алуу, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарга жол бербөө максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жарандар тарабынан берилген арыз-кайрылууларды жеринде чечкенге аракеттер көрүлдү.


Сүлүктү ШИИБдин милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, өспүрүмдөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөө, Сүлүктү шаарынын аймагындагы тургундардын мал-жандыктарын талаада кароосуз калтырбоо жагы эскертилип, ар тараптуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн