Бугу 20, 2024
Убакыт: 11:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Сүлүктү шаарында студенттерге диний экстремизмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

20.10.2022 15:38
304
Сүлүктү шаарында студенттерге диний экстремизмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Сүлүктү шаарында студенттерге диний экстремизм менен терроризмди алдын алуунун жолдору түшүндүрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы кабарлады.


Сүлүктү ШИИБдин ЭММКАКнын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери жана милициянын аймактык тескөөчүлөрү Сүлүктү шаарындагы университте мугалимдер катышуусунда студенттерге диний экстремизм менен терроризмди алдын алуунун жолдорун түшүндүрүштү.


Сүлүктү ШИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлеринин максаты жарандарга ислам дининин баалуулуктарын сактоо, диний кастыкты козутуучу чакырыктарга бөгөт коюу, интернет айдыңындагы диний экстремизмге жана терроризмге байланыштуу туура эмес маалыматтарды жайылтууда мыйзамда каралган жоопкерчиликтерди жеткирүү, улуттар аралык достукту, ынтымакты чыңдоо. Бул багыттарда милиция кызматкерлери туура маалыматтарды жеткирүү максатында студенттерге түшүндүрү иштерди жүргүзүшүп, эскертүүлөрдү беришти.


"Эгерде, кимдир-бирөөлөр экстремисттик жана террористтик багытка чакырык жасаган учурда жакынкы милиция бөлүмдөрүнө же 102 телефону аркылуу кабар берүүнү айтышты. Студенттер ар тараптуу кызыккан суроолорун беришип, жоопторун алышты",- деп айтылат маалыматта.


                     

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн