Баткен облусунун Сүлүктү шаарында күйүүчү май 59 сом сатылууда. Бул тууралуу "7-каналдын" кабарчылары билдирди.
Кабарчылардын айтымында, шаарда 59 сомдон сатылган бензин да калбай калган.
Сүлүктүдөгү бир канча май сатуучу жайлар бензин жоктугуна байланыштуу ишин токтоткон.
Ал эми жүргүнчү ташыган унаалар 18 км алыстыктагы Исфана шаарынан май куйдуруп келүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн