Сүлүктү шаарындагы "Ынтымак"балдар бакчасынын тарбиячысы Ниязова Мээрим тарабынан балдарды коркутуу максатында, балдардын колуна ийне сайып тынчтандырып жүргөн. Бул тууралуу аталган шаардын тургундары «Kadam-media.kg» маалымат порталына билдиришкен.
.
Алардын айтымында, балдар бала бакчага баруудан баш тартышып ыйлашкан.
Ата-энелер балдардын колуна сайылган ийненин издерин байкап, балдардан сурашкан учурда, «ооба колубузга ийне саят», деп айтышкан.
Ата-энелер бул окуяны териштиришип бакча жеткчилигине кайрылышкан. Бакча жетекчиси Айтемирова Буузия Рахматтуллаевна "Макул мен айтып коем", деп көңүл кош мамиле жасаган.
Энелер Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Ж.Исмановго арыз менен барып кайрылышканда, А.Ж.Исманов жетекчини жана тарбиячыны чакырып “кечирим сурагыла” деген болуп, бул ишти коомчулукка чыгарбай жашырган.
Бул окуя азыркы убака чейин деле көмүскөдө калмак, эгерде тарбиячы Ниязова Мээримдин жардамчысы Раззакова Эркинай акыркы учурда бакча жетекчилиги тарабынан көп кысымга алынып, жалган жалаа жабылып, укугу бузулбаганда.
"Ошол убакта бакча тарбиячысы бакча жетекчисинин келини Ниязова Мээрим балдарды тынчтандыруу максатында балдардын колдоруна ийне сайып жүргөндүгүн өз көзүм менен көрүп жүргөнмүн. Бирок жетекчи, бирге иштейбиз деп айтпагам,» - деди Эркинай Раззакова.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн