Баткен облусунун Сүлүктү шаарында Асан аттуу инсан 60 жашка таяп калганына карабай, гитара музыкалык аспабында ойноону мыкты өздөштүргөн.
Ал Ютубдагы “Канат Шоумен” каналына айтып бергендей, гитараны 7-8-классынан баштап ойнойт. Асан ата чертип эле тим болбостон, мыкты ырдайт. Анын бир уулу, бир кызы жана 8 небереси бар. Көмүр кенде карапайым шахтёр болуп иштейт. Андан тышкары тойлорго буйрутма менен чыгып, ыр аткарып берип кошумча акча табат. Анын талантын улуу муундар менен катар эле жаш муундар да жакшы кабыл алышууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн